Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Маанилүү маселе каралды

2022-жылдын 10-февралында билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук кесиптик бирлик комитетинин кезектеги Пленуму болуп өттү. Пленумга райондук комитеттин мүчөлөрү жана мектептердин кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери катышышты.

Анда төмөнкү маселелер каралды:

  1. Райондук комитеттин курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
  2. Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Алай райондук комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыровдун 2021-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча бир жылдык отчет.
  3. Ар түрдүү маселелер.

Пленумда 1-маселе боюнча төрага А.К.Абдыкадыров билдирүү жасап райкомдун эки мүчөсү себептери боюнча иштен кетишкендиктерине  байланыштуу алардын ордуна жаңыдан дайындалган Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Таиров Болотбек Эркебаевичти жана усулдук кабинеттин башчысы Бурканбай уулу Алымбекти райкомдун мүчөлүгүнө сунуштады. Ал бир добуштан кабыл алынды.

2-маселе боюнча райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыров бир жылдык жүргүзгөн иштери боюнча кеңири маалымат берди.

Жарыш сөзгө чыгышкан Н.Жусубалиев (И.Адишев ат.ор.мек.), А.Тешебаева (№5 Ак ниет балдар бакчасы), М.Качкынбаев (Б.Нарматов ат.ор.мек.), К.Тентимишов (Б.Аданбаева ат ор.мек.), Г.Пайзиева (Арпа-Тектир ор.мек.), М.Назиров (Х.Алимсеитов ат.ор.мек.), Ж.Буваев (М.Адышев ат.мек-гим.),  М.Эргешова (Т.Отунчиев ат.мек.-гим.), Т.Матанова (Абдыразак ат. мек.-интер), С.Арзиев (С.Жаанбаев  ат.ор.мек.), Р.Карыбеков (А.Жээнбеков ат.ор.мек.) жана башкалар кесиптик бирликтин райондук комитетинин ишин бир добуштан канааттандырарлык деп баалашып, ишмердүүлүгүнө    ыраазычылыктарын билдиришти.

Пленумда Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Э.Таиров кеңири мазмунда сөз сүйлөп, Эмгек кодексинин 22-27-статьяларына ылайык социалдык өнөктөштүктө иш алып барууга кызыктар экендигин билдирүү менен кесиптик бирлик мүчөлөрүн биримдикте иштөөгө үндөдү.

Пленум ой-пикирлерди, сын-сунуштарды эске алуу менен токтом кабыл алды. Жалпысынан пленум иштиктүү кырдаалда  өттү.

 

Маалыматты даярдашкан: №1 М.Адышев ат. мектеп-гимназиясынын профкому, пленум  мүчөсү Ж.Буваев жана Алай  райондук  КБКнын кызматкери И.Исмаилов