“Үлгүлүү кыргыз тили мугалими-2024”
2024-жылдын 7-май күнү Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан “Үлгүлүү кыргыз тили мугалими – 2024” кароо сынагы өткөрүлдү.
2024-жылдын апрель айында кыргыз тили жана адабияты сабагын окуткан 54 мугалим үчүн тест өткөрүлүп, анда эң жогорку балл алган 9 мугалим катышты.
2-баскычында мугалимдер көргөзмөлүү видео сабак, мыкты портфолио шарттары болду.
Катышуучулар чыгармачыл отчётторун мыкты деңгээлде даярдоосу, видео сабактарда жаңы технологияларды, окутуунун интерактивдүү усулдарын пайдалануусу, мыкты заманбап мугалим статусуна шайкеш келүүсү менен өзгөчөлөнүп, жалпы көрүүчүлөрдүн купулуна толушту.
Көрүүчүлөр конкурстун өзгөчө уюштурулгандыгын, шарттар азыркы мезгил талабына ылайык тандалып алынгандыгын ж.б. кеңири токтолуп, уюштуруучуларга жана катышуучуларга каалоо-тилектерин айтышты.
Жыйынтыгында, баш байгеге Беки уулу Семетей атындагы №15 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими - Айсулуу Абдурасулова ээ болду.
Кыргыз тилдүү мектептерден Токтогул атындагы №40 мектебинин мугалими - Эргешалиева Гульмира 1-орун, Б.Дамашев атындагы №30 мектебинин мугалими - Ажиматова Миргул 2-орун, Н.Токторбаев атындагы №5 мектебинин мугалими - Чудуева Эркингул 3-орун, окутуу орус, өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептер арасынан Губкин атындагы №14 мектебинин мугалими - Эрмекова Жаңыл 1-орун, 2-орунга №4 А.Сатаров мектебинин мугалими Маматова Зарина, 3-орунга №16 Ж.Турусбеков мектебинин мугалими - Маткеримова Эркайым татыктуу болушту.
Аларга атайын райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук кесиптик бирликтин дипломдору, баалуу белектери тапшырылды.
Маалыматты даярдаган: Т.Бакиров, кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин инспектору