“Үлгүлүү кыргыз тили мугалими-2022”
2022-жылдын 27-апрель күнү Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан “Үлгүлүү кыргыз тили мугалими–2022” кароо-сынагы болуп өттү.
2022-жылдын март айында кыргыз тили жана адабияты предметин окуткан 54 мугалим үчүн онлайн тест өткөрүлүп, эң жогорку балл алган 8 мугалим катышты. Анда мугалимдер көргөзмөлүү видесабак, чыгармачыл отчёт, предметтик жана педагогикалык тест жана кыргыз тили сабагынан сунуштама (слайд) жасоо шарттарын аткаруу боюнча ат салышты.
Ошондой эле конкурсанттар өздөрүнүн чыгармачыл отчётторун мыкты деңгээлде даярдоосу, видеосабактарда жаңы технологияларды, окутууунун инерактивдүү усулдарын пайдалануусу, мыкты заманбап мугалим статусуна шайкеш келүүсү менен өзгөчөлөнүп, жалпы көрүүчүлөрдүн купулуна толушту. Келген күйөрмандар да быйылкы жылдагы конкурстун өзгөчө уюштурулгандыгын, шарттар азыркы мезгил талабына ылайык тандалып алынгандыгын ж.б. кеңири токтолуп, уюштуруучуларга өздөрүнүн жакшы каалоо-тилектерин айтышты.
Жыйынтыгында кыргыз тилдүү мектептерден №1 Бөкөнбаев а.о.м. мугалими Тороканова Райкан 1-орун, №18 Молдалиев а.о.м. мугалими Жусубалиева Арзыкан 2-орун, №31 Татыкулов а.о.м. мугалими Акматкулова Асель 3-орун, окутуу орус жана өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептер арасынан №14 Губкин а.о.м. мугалими Сатыбекова Гулзина 1-орун, 2-орунга №28 Ч.Айтматов а.о.м. мугалими Эгембердиева Акчайым, 3-орун №3 Р.Алибаев а.о.м. мугалими Эсеналиева Гулнур татыктуу болушту.
Аларга атайын райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан даярдалган дипломдор, белектер тапшырылды.
Маалыматты даярдаган: Ноокен райБББнын адиси Г.Андарова