Лейлекте жаңы мектеп ачылды
2024-жылдын 6-майында Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында “Сары-Дөбө” орто мектебинин ачылуу аземи болуп өттү.
“Сары-Дөбө” орто мектебинин 150 орундуу жаңы имаратынын курулушу 2023-жылдын 11- мартында башталган. Республикалык бюджеттин эсебинен жана мамлекеттик казына облигациялары тарабынан каржыланып, жалпы сметалык баасы 84 млн.516 миң 332 сомду түзөт. Мектеп заманбап шартта курулуп, эки кабаттан турат жана спорт залы менен кошо бүткөрүлдү. Мектепте 216 окуучуга, 22 мугалим билим-тарбия берип келет.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун катышуусунда 9 мектеп, 2 бала-бакча онлайн форматында ачылып, ал эми аталган мектеп офлайн форматында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, генерал-майор А.К.Алимбаевдин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Б.Т.Супаналиевдин, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Б.Осмонбековдун, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У. И. Жеемуратовдун, мектеп жамаатынын жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда ачылуу салтанаты болуп өттү.
Ачылуу аземине Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы А. Т. Бердиев да катышып, өз белектерин ыйгарды.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Лейлек райондук комитети