Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн коллегиялык отуруму боюнча маалымат

    2018-жылдын 19-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын чоң залында билим берүү бөлүмүнүн коллегиялык кеңешинин отуруму болуп өттү. Отурумга коллегия мүчөлөрү, шаардын 2-вице-мэри жана жалпы билим берүүчү мектептердин директорлору, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

    Отурумда 2017-2018-окуу жылында Кызыл-Кыя шаарындагы 12 мектептин Мамлекеттик аккредитациялоодон өткөндүгү боюнча Мамлекеттик аккредитациялоо жана лицензиялоо борборунун корутундусу каралды. Тестирлөө жыйынтыгы төмөн мектеп директорлорунан себептери суралып, быйылкы жаңы окуу жылында кетирилген кемчилдиктерди жоюу үстүндө иштөө милдеттендирилди.