Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүү мектептеринде эмгектенген баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдарына “Мугалимдерге усулдук, моралдык, материалдык жардам көрсөтүү жолдору” деп аталган окутуу өткөрүлдү

2018-жылдын 20-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүү мектептеринде эмгектенген баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдарына “Мугалимдерге усулдук, моралдык, материалдык жардам көрсөтүү жолдору” деп аталган окутуу өткөрүлдү.

Семинар №8 А.Навои атындагы орто мектебинин базасында өттү. Семинарды билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Ж.М.Душобаева жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитететинин төрайымы М.А.Бувановалар тарабынан өткөрүлдү.

Семинарды өткөрүүнүн максаты: Жардамга муктаж мугалимдерге усулдук, моралдык көрсөтүү жолдорун үйрөтүү. Ал эми семинардан күтүлүүчү натыйжалар:  

1) Моралдык колдоо жонундо тушунук алуу

2) Моралдык колдоо компоненттерин болуп корсотуу

3) Мектепте моралдык корсотуу планын иштеп чыгуу деп аныкталып, аталган күтүлүүчү натыйжага жетүү үчүн семинардын башталышында катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулоо менен, катышуучулар 3 топко бөлүнүп иш алып барылды. Катышуучуларга теориялык билим берилип, алынган билим практика жүзүндө көрсөтүлүп берилди. Семинардын аягында мугалимдерге ар тараптан жардам көрсөтүү планы түзүлүп, план боюнча иш алып баруу, жыйынтыгын квартал сайын шаардык комитетке жазуу жүзүндө тапшырып туруу милдеттендирилди.