Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызматташуу, тажрыйба алмашуу

ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин демилгеси менен Баткен педагогикалык колледжинин директору Тазагул Мусаева баштаган окутуучулары жана студенттери 30-мартта ОшМУга келишти. Коноктор алгач окуу жайдагы жыйынга катышты. Анда мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор М.Шарипова ОшМУдагы  билим берүү, эл аралык байланыштар, коомдук-маданий иш-аракеттери боюнча маалымат берди. Делегацияны жетектеп келген колледждин директору Тазагул Мусаева ОшМУнун бүтүрүүчүсү экендигин, билим алган окуу жайы, окуткан окутуучулары  менен дайыма сыймыктанып келерин белгиледи. ОшМУ билим гана бербестен студенттерди адамгерчиликке, меймандостукка, турмушка да тарбиялап келерин айтты. 

Алар окуу жайдын музейи, маркетинг коммуникация жана коомчулук менен байланыш борборунун окуу лабораториясы менен таанышты. Ошондой эле STEM инновациялык колледжи, Индустриалдык-педагогикалык колледжини иши менен таанышып, окутуучулар, студенттер менен жолугушуп, тажрыйба алмашышты. Жыйынтыгында Баткен педагогикалык колледжинин жамаатына ОшМУнун ректорунун атынан ыраазычылык кат, көркөм адабий, усулдук китептер тапшырылды.

Иш-чара эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыктарды бекемдөө, окутуучулар, студенттердин мобилдүүлүгүн арттыруу, тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду.  Келген коноктор ОшМУнун кесиптик бирлигине терең ыраазычылык билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын адиси А.Айтыкулова