Кыргыз Жараны концепциясы боюнча семинар-тренинг
2021-жылдын 28-октябрында Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн С.Ногоева атындагы №2, Шайдан айыл өкмөтүнүн А.Сатаров атындагы №4 орто мектептеринин мугалимдери, ата-энелери, окуучулары жана "NOOKEN PBN" жана "ЖАШ КАНАТ" тынчтык клубдарынын мүчөлөрү үчүн "Кыргыз жараны" концепциясы боюнча лекция-семинар уюштурулду.
Бул иш-чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары З.И.Юлдашева, Масы айыл өкмөтүнүн соц.адиси Д.Акматова, Ноокен райондук консультативдик кеңешинин төрагасы К.Ташиев, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Г.Андарова, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук каанасынын башчысы У.Уметов, мектеп администрациясы, мугалимдери, ата-энелер жана жогорку класстын окуучулары катышышты.
Эксперт катары КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин этностор аралык мамилелер башкармалыгынын жетектөөчү адиси Раимбеков Багышбек Жакыпбекович баяндама жасады.
Лекция-семинар эки бөлүктөн туруп, 1-бөлүгү теория, лекция, ал эми 2-бөлүгү практика болуп, катышуучулар кичи топтордо иш алып барышты.
Иш-чаранын максаты Кыргыз Жараны концепциясынын максаттары, милдеттери жана артыкчылыктуу багыттары боюнча маалымат берүү жана түшүнүктөрдү калыптандыруу жана аны жүзөгө ашыруу иш-чараларын, пландарын иштеп чыгуу.
Жалпы катышуучулар бир топ пайдалуу маалыматтарды алышты. Ал эми катышкан мамлекеттик кызматкерлер, жарандык коом, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү калк алдыда Кыргыз Жараны концепциясынын негизинде өткөрүлүүчү иш чараларды колдоого аларын айтып өтүштү.
Иш-чара "Тынчтык жана өнүгүү Институту" коомдук фондунун каржылоосу менен “NOOKEN PBN” жана “ЖАШ КАНАТ тынчтык клубдары тарабынан уюштурулду.
Маалыматты даярдаган: “Жаш канат” тынчтык клубунун лидери Н.Манапова