Кыргыз Республикасынын туусу желбиреп, гимни жаңырсын!
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети өзүнүн ишмердүүлүгүндө мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу менен кесиптитк бирликтин ар бир мүчөсү үчүн кам көрүп, колдоо көрсөтүп келүүдө.
Жакында эле тармактык профсоюздун Жалал-Абад облустук комитети тарабынан бөлүнгөн республикалык бюджеттен каржылануучу жолдомону комитеттин президиумунун кеңешмесинин чечими менен ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин студенти, грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси Сулайманов Акыл менен машыктыруучусу Алтынбек Салаевге “Жалал-Абад санаторийинен дарыланып, ден-соолугун чыңдап келүү үчүн бөлүп берди.
Алар атайын машыгуудан кийин, өздөрүнө ыңгайлуу мөөнөттө санаторийде дарыланып, эс алып келишти. Кыргызстандын туусун дүйнөлүк деңгээлде желбиреткен студент-спортсмендерибиздин машыктыруучусу Салаев Алтынбек: “Курорттун таза абасы, дарылык касиети күчтүү суулары, эң уникалдуу минералдарга бай баткагы, ден соолукка өтө жагымдуу таасир этип, эс алуу абдан пайдалуу болду”- деп санаторийдин дарыгерлерине, тейлөө кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди
Спортсмендерибиздин дүйнөлүк мелдештердин жеңүүчүлөрү болушун тилеп, ийгиликтерди каалайбыз жана Кыргыз Республикасынын туусу желбиреп, гимни жаңырышын күтөбүз!
Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети