Кыргыз Эл мугалими, Чүй университетинин президенти, академик Султан Мамбеткалиевди эскерүү
2018-жылдын 29- майында Чүй облусунун Чүй районундагы Кегети айылында Кыргыз Эл мугалими, Чүй университетинин президенти Султан Мамбеткалиевди эскерүү күнүн өткөрүлдү. “Өмүр бизден өтүп кетсе, Эл эмгектен эскерсин” деп айтылгандай Султан Мамбеткалиевдин эл үчүн жасаган иши, билим, илим системасына кошкон салымы зор экендиги өзү туулуп өскөн жерине гана эмес Орто Азия, КМШ өлкөлөрүнө дагы кеңири таанымал экендиги талашсыз. Ошол себептен Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогуловдун демилгеси менен агайдын бейнесин ардактап эскерүү уюштурулду. Эскерүүгө Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов , Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин техникалык инспектору Б.Кадыркулов, Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Кибираева, Султан Мамбеткалиевдин жубайы Бурмакан эже, Султан Мамбеткалиевдин бир тууганы Турат Абдылдаев, Султан Мамбеткалиевдин уулу Нурлан Мамбеткалиев, Чүй облусунун Чүй, Кемин, Ысык-Ата, Алмүдүн районунун, Токмок шаарынын профсоюз комитеттеринин жетекчилери катышышты. Эскерүү Кегети айылына кире беришинде Султан Мамбеткалиев уюштурган “Эне багы” паркындагы энелерге тургузулган эстеликке куран окуудан башталды. “Эне багы” паркынан кийин Султан Мамбеткалиевдин күмбөзүнө келип куран окулду, Кегети айылынын чок ортосуна жайланышкан “Ысмайыл” паркындагы Султан Мамбеткалиевдин эстелигине гүл коюулду. Кегети айылындагы Ө.Исаев атындагы орто мектебинин тарых музейинде Султан Мамбеткалиевге арналган материалдар менен таанышуу жана мектептин окуучулары Султан Мамбеткалиевдин өмүрү, баскан жолу, кылган эмгектери жөнүндө айтып беришти. Эскерүү мектептеги Султан Мамбеткалиевдин жубайы, уул-кыздары уюштурушкан автордук “Султан Мамбеткалиев атындагы кыргыз тили жана адабияты “ кабинетинде улантылды. Ал жерде дагы куран окулуп Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин торагасы А.Токтогулов, Чуй-Токмок билим берүү болумунун башчысы А.Кибираева, Султан Мамбеткалиевдин жубайы Бурмакан эже, Султан Мамбеткалиевдин бир тууганы Турат Абдылдаев тарабынан агайдын кылган эмгектерин, басып откон жолу, артында калган мурастары жонундо сөздөр айтылды. Эскерүүнүн аягында Султан Мамбеткалиевдин жубайы Бурмакан эже Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин тɵрагасы А.Токтогуловго жана анын командасына терең ыраазычылыгын билдирди.