Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү
Кадамжай районунун Халмион айыл аймагына караштуу Көк-Тал айылынын “Достук” орто мектебинде “Конфликт жана конфликтагендер” деген теманын негизинде 5-класстан, 11-класска чейинки окуучулар арасында семинар болуп, “Достук” орто мектебинин профкому Саматова Айнура окуучуларды кызыктырып маанилүү жана таасирдүү сөздөрү менен семинар өткөрдү. Семинарга жетекчилер, мугалимдер катышышты. Семинардын максаты окуучуларга туура тарбия берүү, уурулук, рекет жана кылмыштуулукту жоюу максатында өткөрүлдү. Семинардын аягында Саматова Айнурага райкомпрофсоюз тарабынан окуучуларга керектелүүчү окуу куралдар, белектер тапшырылды жана келген коноктор семинарга мыкты баа беришти.
Материалды даярдаган уюштуруучу адис: Ажиева Феруза.