«Красная гвоздика» эс алуу жайы өзгөчө шаңга бөлөндү
КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетине караштуу Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан «Красная гввоздика» эс алуу жайы менен өзгөчө шаңга бөлөндү.
Республика боюнча тармактык профсоюздун өкулдөрүнөн турган ар бир облустун курама топтору кезектешип, тиешелүү комитеттердин толук каржылоосу менен 2021-жылдын жайкы эс алуу өнөктүгүн көнүлдүү өткөүшүүдө. «Красная гввоздика»да эс алуу үчүн зарыл шарттар толук түзүлгөн, Таттуу тамак аш менен камсыз кылган ашкана үзгүлтүксүз иштейт. Кезек КРнын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетине жетип, курамында облус боюнча билим берүү мекемелеринин 72 кызматкеринен түзүлгөн топ 2021-жылдын 25-июлунан бери эс алып жүрүшөт. КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин БКнын төрагасы А.Т.Токтогулов менен жолугушуп, жакындан баарлашуу кызыктуу өттү.
“Бүгүн айтылуу Жети-Өгүз курортуна, Көк-Жайык жайлоосуна саякаттап, кымыз ичип эс алдык “ - дейт Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик унивверситетин кесиптик бирлик уюмунун мүчөлөрү Пахирдинов Махмуд жана Асранкулов Абдешим.
Билим берүү жана илим кызматкерлери ушундай эс алуу жайын түзгөн тармактык профсоюздун Борбордук Комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогуловичке, комитеттин мүчөлөрүнө, эс алуучулардын көңүлү менен тең айланып кызмат көрсөткөн “Красная гвоздиканын” бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдирүү менен барып келүүсүн каржылаган баштапкы кесиптик бирлик уюмдарына жана үч маал тамак-ашы, жатаканасы менен камсыз кылып, ушунча 72 адамды уюштуруп алып келген кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы Исмаилов Абдукахар Араповичке, комитеттин Жаштар Кеңешинин төрагасы Замирбек Сулаймановго терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова