Көп жылдык мээнеттин акыбети
Аксы районуна караштуу Н. Мамбетов атындагы мектебинин кыргыз тили мугалими Узен Атаканов, республикалык "Мугалим" журналы уюштурган "Мыкты класс жетекчи" сынагына катышты.
Сынак үч этапта өткөрүлдү. Мугалимдин сабак өтүүдөгү чеберчилигин чагылдырган видео сабак, мугалимдин портфолиосу жана тест болду. Республика боюнча 1-орунду Н. Мамбетов мектебинин кыргыз тили мугалими Атаканов Узен Боронбаевич багындырып, «Мыкты класс жетекчи» номинациясы жана төш белгиси менен сыйланды.
Педагог көптөгөн сыйлыктардын ээси. 2022-2023-окуу жылында Жалал-Абад областтык кесиптик бирлик комитетинин төш белгиси менен сыйланган. Бул жылы конкурстун жеңүүчүсү катары Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин "Профсоюздун мыктысы" төш белгисине сунушталды.
Сыйлыгыңыз кут болсун!
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети