“Коопсуз миграция”
2019-жылдын 1-февраль күнү Лейлек районунун Исфана шаар мэриясына караштуу У.Маткаримов атындагы №4 гимназия жатак-интернатында «Коопсуз миграция» деген темада семинар болуп өттү. Бул семинарга интернаттын педагогикалык жалпы жамааты, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук каанасынын башчысы Н.С.Эралиева, социалдык жактан жарандарды коргоо боюнча ѳкүл Т.Алибеков, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, “Инсан Лейлек» коомдук фондунун юристи К.Карчыгабекова, Исфана шаар мэриясына караштуу мектептерден келген соц педагогдор жана окуучулар катышышты.
Семинардын жүрүшүндө бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жаткан миграция маселеси, көйгөйлөрү аларды чечүүнүн жолдору талкууга алынды. Ошондой эле, мектеп окуучулары тарабынан даярдалган ата-энелери миграцияда жүргөн окуучулардын жашоодогу, мектептеги абалын чагылдырган сахна көрүнүштөрү коюлуп, видеороликтер көрсөтүлүп, катышуучуларга чоң таасирин калтырды.
Семинарга катышкан мекемелердин өкүлдөрү да коопсуз миграция тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, усулдук жардамдар көрсөтүлүп, катышуучулардын ортосунда да кеңири маалымат алмашуулар болуп, сунуштар, ой-пикирлер айтылды.
Материалды даярдаган
Марина Сагалиева