Коопсуз билим берүү мекемеси
Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитети, Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте өткорүлгөн “Коопсуз билим берүү мекемеси” деп талган семинарына Жалал-Абад шаарындагы жалпы мектептердин, бала бакчалардын чарба иштери боюнча директорлордун орун басарлары катышышты.
Семинар 2022-жылдын 25-октябрь күнү эртең менен Жалал-Абад шаардык Өзгөчө Кырдаалдар бөлүмүндө семинардын катышуучуларын каттоо менен башталды. Капитан Н.Жолдошов баштаган Өзгөчө Кырдаалдар кызматкерлери менен биргеликте практикалык сабактар өтүлдү. Өрт өчүрүү, жер титирөө, суу-сел каптоо жана башка өзгөчө кырдаал учурундагы колдонулуучу шаймандар менен таанышышты.
Мектеп жана бала-бакчаларды, аталган алааматтардан алдын алуу үчүн жаш жеткинчектердин өмүрүнө жана ден-соолугуна, имараттардын, баалуу буюмдарды табыйгаттын апааттарынан алдын ала сактоого алуу үчүн чарба иштери боюнча директордун орун басарларына окуулук өткөзүлдү. Өзгөчө Кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери өз билимин аябастан, өрт өчүрүү унаасында жайгашкан тетиктеринен тартып жалпы буюм-тайымдарын ачык айкын кылып көргөзүп, чагылдырып беришти. Биринчи бөлүк саат 9:50дө Өзгөчө кырдаалдар имаратында аяктады.
Экинчи бөлүк саат 10:00дө №2 Кадыр Закиров атындагы орто мектебинин чоң залында өттү. Ал жерде Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы өз сөзү менен ачып берди. Ал жерде теориялык сабактар өтүлдү, өзгөчө кырдаал кызматкерлери өзгөчө кырдаал учурунда биринчи ирет эмне кылуу зарылчылыгын жана жаш жеткинчектерди кайсыл эшиктен кандай жол менен алып чыгуу тартибин жана биринчи ирет кимге, кайсыл органдарга кабар берүү керек экендиги тууралуу маалымат берилди.
Үчунчү бөлүк ошол эле мектеп имаратынын алдындагы аянтчада практикалык сабактар башталды. Ал жерде капитан Н.Жолдошов баштаган Өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери өрт өчүрүүчү (өрт өчүрүүчү насос, лапатка-күрөк, лом, чака, кум ж.б.) шаймандарды туура колдонуу тартибин үйрөтүштү.
Өрт чыгарып, аны кандай жол менен өчүрүү зарылдыгын көрсөтүп беришти. Семинардын айрым катышуучулары, өз колдору менен өчүрүп да көруштү. “Коопсуз билим берүү мекемеси” деп аталган семинар жогорку денгээлде өттү, ал жерде окуудан өткөн жалпы мектеп жана мектепке чейинки Билим берүү мекемелердин өкүлдөрүнө төрага М.Мамасыдыков жана капитан Н.Жолдошов өтүлгөн сабактардын жыйынтыгын ар ким өздөрү иштеген мекемелерге жеткирип, тийиштүү маалыматтарды өз жамааттарына жана окуучуларга, тарбиялануучуларга, ата-энелерге жеткирүү талабын коюшуп, ушундай окуу-машыгууларын жеринде өткөрүүнү пландаштырып, практика жүзүндө өткөрүлөөрүн белгилешти.
Белгиленбеген күнү Өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери менен биргеликте Билим берүү бөлүмү жана билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитети тарабынан текшерүү сигналдарын жандырып мекеменин жана жаш жетинчектердин коопсуздугун текшерерин эскертишти.Семинардын катышуучулары, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.
Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад шаардык КБКнын эмгекти коргоо инспектору А.Жолдошбаев