Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Колдоо көрсөтүлдү

Базар-Коргон райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин эркин күрөш боюнча машыктыруучусу Курманбек Максюдов 42 жылдан бери көптөгөн окуучуларды спорттун “эркин күрөш” түрү менен машыктырып, чемпиондорду тарбиялап өстүрүп,  ийгиликтерге жетишип келет.

2024-жылы Курманбек Максюдов агайдын окуучусу Исаков Курсантбек Амман шаарында өткөн дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болгон.  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев,  машыктыруучу болуп эмгектенип  келе жаткан Курманбек Максюдовду агайды жетишкен ийгиликтери үчүн  Жалал-Абад санаториясына эс алууга жолдомо тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитети