Кочкор районунда Пленум болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлерининкесиптик бирлигинин Кочкор райондук комитетинин кезектеги пленуму 2022-жылдын 21-декабрында болуп өттү.
Пленумга Кочкор райондук кесиптик бирлик комитетинин төрөгасы Зарылбек Табалдиев төрагалык кылды. Пленумга чакырылгандар жана пленум мүчөлөрү толук катышышты. Пленумдун күн тартибинде үч маселе каралды.
- Кочкор райондук кесиптик бирлик комитетинин 2021-2022 жылдарда аткарган иштери жөнүндө отчету.
- Кочкор райондук кесиптик бирлик комитетинин текшерүү комиссиясынын төрайымынын 2021-2022 жылда кесиптик бирликтин бюджетинин аткарылышы жана чыгымдалышы жөнүндө отчету.
- Билим жана илим кызматкеринин кесиптик бирлигинин Кочкор райондук комитетинин каражаттарын Борбордук комитетке, райондук комитетке жана райондогу баштапкы уюмдарга бөлүштүрүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги каралган маселелер боюнча токтомдор кабыл алынды. Ошондой эле пленумдун жүрүшүндө, пленумдун мүчөлөрү Сейталиев Калыйбек, Турдукожоев Абай, Кадыралиева Фарида, Абакирова Светалар берилген отчеттор боюнча өздөрүнүн сунуштарын айтышты.
Маалыматты даярдаган: Кочкор райондук кесиптик бирлик комитети