Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

КМУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан мугалимдерге ардак грамоталар тапшырды

Бүгүн, 2024-жылдын 7-октябрында Мугалимдер күнүнө карата Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан  уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө кесиптик бирлик уюмунун төрагасы Назар Догдурбек билим берүү тармагынын кызматкерлерин куттуктап, алардын укуктарын коргоо жана социалдык абалын жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштерге токтолуп, мугалимдерге Ардак грамоталарды тапшырды.

Ардак грамота менен сыйланган мугалимдер:

  1. КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева;
  2. КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун ага окутуучусу Медербек Идирисов;
  3. КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директорунун орун басары Кадырбек Ачекеев;
  4. КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун ага окутуучусу Эльзат Дылдаева;
  5. КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин окутуучусу Бактыгүл Турганбаева;
  6. КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун профессорунун милдетин аткаруучусу Иличбек Темирбек уулу.

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун кесипктик бирлик комитетинин төрагасы Назар Догдурбек мугалимдердин билим берүү системасындагы маанилүү ролун баса белгилеп, алардын талыкпас эмгеги жана чыгармачылык изденүүлөрү үчүн ыраазычылык билдирип иштерине ийгиликтерди каалады.

 

Маалыматты даярдагаган: КМУнун кесипктик бирлик уюму