КМУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан көрсөтүлгөн колдоо
2025-жылдын 20-март күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Нооруз майрамына карата "Улустун улуу күнү" аталышындагы иш-чара өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгынын алкагында уюштурулуп, ага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, университеттин жетекчилери, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышышты.
Майрамдык иш-чаранын алкагында улуттук оюндар – аркан тартыш, кыргыз күрөш, ордо жана кол күрөш боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө КМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.