Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

КМУда спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата студент кыздар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү.

Иш-чара КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИ, Дене тарбия жана спорт институту тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманов, Дене тарбия жана спорт институтунун директору Каныбек Сарымсаков жана окуу жайдын Кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек катышуучуларды куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап, мелдештин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык тапшырды.