Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

КМУ 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара

8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата КМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек билим берүү тармагында эмгектенген окутуучу айымдарды куттуктап, Ардак грамоталарды тапшырды.

7-март күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева окутуучу айымдарды куттуктап, билим берүүгө кошкон салымы үчүн Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды.

Ошондой эле, КМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек билим берүү тармагында эмгектенген окутуучу айымдарды куттуктап, кесиптик бирликтин  Ардак грамоталарын тапшырды.

Кесиптик бирликтин төрагасы Назар Догдурбек мугалимдердин билим берүү системасындагы маанилүү ролун баса белгилеп, алардын талыкпас эмгеги жана чыгармачылык изденүүлөрү үчүн ыраазычылык билдирди.