Көк-Жаңак шаардык комитетинин кезексиз Пленуму болуп өттү
2018-жылдын 2-февралында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Көк-Жаңак шаардык комитетинин кезексиз Пленуму болуп өттү. Пленумда уюштуруу маселеси каралып, шаардык комитетин төрайымы Мирзахмедова Элмира Сабиржановнаныын арызы канааттандырылды.
Пленумда №2 Макаренко атындагы орто мектебинин профсоюздук комитетинин төрайымы Рысмамбетова Жумакан Арзиевна бир добуштан шаардык комитеттин төрайымдыгына шайланды.
Пленумдун ишине Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.А.Исмаилов катышып, облуста мугалимдердин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдөгү иш аракеттерге жана милдеттерге токтолду.
Э.С. Мирзахмедовага жетишкен ийгиликтери үчүн ыраазычылыктарды билдирип, жаңы шайланган төрайым Рысмамбетова Жумакан Арзиевнага алдындагы иштеринде ийгиликтерди каалады.
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.М. Сейтахматова жана шаардык профсоюздук активисттер сүйлөп , обкомдун ишине ийгиликтер каалашып, ыраазычылык каттарын тапшырышты.
Материалды даярдаган:Жалал-Абад обкомунун инспектору-А.Айдаров.