«Ким жеңет» акыл таймашы
Ош шаарында ОшМУ, ОшМПУ, КӨЭАУ, ОшТУ, ОшМЮИ жогорку окуу жайларынын жаштар кеңешинин жана Ош билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин жаштар иштери боюнча бөлүмү менен бирдикте өткөрүлгөн «Ким жеңет» аттуу шоу-интеллектуалдык оюну болуп өттү. Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Абдубапович сөз сүйлөп, жаштарга бекем ден соолук, окууларына ийгиликтерди, жетишкендиктерди каалоо менен жаштарды колдоп жатканын жана мындан ары да колдоорун белгиледи, ошондой эле оюндун катышуучуларына да ийгилик каалады. «Ким жеңет» аттуу шоу-ителлектуалдык оюнунун ачылышына ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор, доцент Ж.Артыкова да катышып, жаштарга жакшы каалоо тилегин айтып, Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Абдубаповичке ыраазычылык билдирүү менен бирге ар дайым кесиптик бирликтин ишинде ийгиликтер болуусун каалады.
Иш-чаранын максаты жаштарды кызыктыруу, интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, ынтымагын бекемдөө, китеп окууга үндөө. Иш-чарага студенттер активдүү катышышып, интеллектуалдык денгээлдерин көрсөтө алышты.
Акыл таймашы конкурсунун жеңүүчүлөрүнө Ош областтык кесиптик бирлик комитети тарабынан кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Маалыматты даярдаган: Ош областтык кесиптик бирлик комитети