Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Ким өз укугун мыкты билсе - ошол гана эркин боло алат!»

Кесиптик бирликтин негизги милдеттеринин бири өзүнүн мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитети бул милдетти иш жүзүнө ашыруу максатында жана Эл аралык адам укуктарынын күнүнүн 73 жылдыгына карата уюмдун мүчөлөрүнүн укуктук маалыматтарын өркүндөтүү жана ЖАМУнун кызматкерлеринин  профсоюзунун өкүлдөрү аркылуу шаардын тургундарына укуктук-интелектуалдык маалыматтарды таркатуу иш-чарасын уюштуруп, өткөрдү. Иш-чарага университеттин Жалал-Абад колледжинин экономика-юридикалык бөлүмүнүн, экономитка-юридикалык факультеттин окутуучулук-профессордук курамы жана адистиктин студенттери активдүү катышышты. Ошондой эле иш чарада Жалал-Абад шаардык юстиция башкармалыгынын кызматкерлери укуктук маселелер боюнча кайрылган жарандарга профессионалдуу кызмат көрсөтүү менен болочок адистерге практика жүзүндө көрсөтмө берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ал эми студенттер шаар тургундарынын арасында адам укуктары боюнча элементардык суроолор менен социологиялык иликтөө жүргүзүшүп, окуу имаратына илинген “Адам укуктары” – темасына тартылган сүрөттөрүнүн галареясын презентация кылышып, “Адам укуктарынын жалпы деклорациясы” деген аталыштагы китепчени таркатышты.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова