Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик майрамыңыздар менен, урматтуу мугалимдер

Мугалим ким?

Мугалим – күн. Ал баарына тегиз тиет.

Ал турмуштун эң ыйык катмарына жол баштайт.

Ал эч ким башкара албаган баланы башкарат.

Ал эч нерсе билбеген балага дүйнөнү таанытат.

Ал окуганды, жазганды үйрөтөт.

Мугалим – эң ардактуу кесип. Турмуштун ар кандай кырдаалында сабырдуулук менен жаш өспүрүмдөргө таалим тарбия берүүгө бардык күч аракетин жумшап келет.

Өлкөбүздүн бардык мугалимдерин 5-октябрь – Мугалимдер күнү менен Аксы районунун Кербен шаарындагы Т. Үмөталиев мектебинин жамаатынын атынан куттуктап кетмекчибиз.

Бул мектепте Мугалимдер күнү өзгөчө майрам катары белгиленип келет жана мектеп кесип бирлик уюму мектеп жетекчилиги менен биргеликте мугалимдер жакшы маанайда майрамды тосуу үчүн ар түрдүү иш-чараларды уюштуруп келишет. Эртең менен мектеп парламенти менен биргеликте гүлдөр менен мугалимдерди кол чабуулар менен тосуп алышса, сабактын аягында окуучулар тарабынан жагымдуу концерт уюштурулду.

Бул саамалык мугалим үчүн түйшүктүү кесибин унутканга, көңүлдөрүн көтөрүп, бактылуулук тартуулайт.

Кечмнде шаарыбызда жайгашкан Кан-Теңири кафесине кесиптик бирлик жана усулдук бирикмеси тарабынан жагымдуу кече жана чакан концерт уюштурулуп,көңүлдүү кеч тартууланды.

Урматтуу менин бирге иштешкен кесиптештерим,түмөн түйшүктүү жумушуңарда баарыңарга албан албан ийгиликтерди, ден соолук, үйүңөргө бакыт тилеп, силерди урматтоо менен мектептин кесиптик бирлик уюму.

 

Маалыматты даярдаган: Т.Үмөталиев мектебинин кесиптик бирлик уюму