Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик майрамга карата кароо сынактын жыйынтыгы чыгарылды

19-октябрь Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкерлеринин жана  профсоюздардын кесиптик майрамы катары белгиленип келе жатат. Билим  берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук комитети бул кесиптик майрамга карата райондогу жалпы билим берүүчү мектептердин баштапкы профсоюздук уюмдарынын арасында “Мыкты профсоюздук бөлмө”, “Мыкты профсоюздук бурч”, “Мыкты эс алуу бөлмөсү” кароо-сынагын жарыялаган эле. Жакында ал сынактын жыйынтыгы атайын түзүлгөн комиссия тарабынан райком түзгөн критерийлердин негизинде тыкыр каралып чыгып, орундар белгиленди.

Сынак төмөндөгү критерийлер боюнча жыйынтыкталды:

  1. Профкомдук бурч (6 балл): мүчөлөрдүн тизмеси, комиссиялар жана алардын курамы, текшерүү комиссиясынын курамы, аткарылып жаткан иштер (фото,ж.б.)
  2. Профсоюздук бөлмө (8 балл): профсоюздук бурч, үч тараптуу макулдашуу, эки тараптуу жамааттык келишим, профсоюздук иш кагаздардын номенкулатурасы, фото стенддер, ченемдик-укуктук актылар, “Позиция профсоюза” гезитинин топтомдору.

Жыйынтыгында сынакка катышууга талапкерлигин билдирген 12 жалпы билим берүүчү мектептердин баштапкы профсоюздук уюмдарынын ичинен “Мыкты профсоюздук бөлмө”,“Мыкты профсоюздук бурч”,”Мыкты эс алуу бөлмөсү” кароо сынагынын жыйынтыгы менен:

1-орунга №2 Дом-Ата атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму,профкому Хамидова Барнохан Тахиржановна;

2-орунга №77 Т.Байзаков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму, профкому Яркулова Токтокан Мамасалиевна;

3-орунга   №34 Ырыс атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму, профкому Кыргызбаева Чынара Абдырахмановна.

“Мыкты профсоюздук бурч” райондук конкурсунун жыйынтыгы менен

1-орунга №88 С.Атабеков атындагы жалпы билим берүучү орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму, профкому Юлдашева Махпузахан Мамадалиевна;

2-орунга №7 Ж.Турусбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму, профкому Мурзаева Жазгүл Дубанаевна;

3-орунга №52 Т.Арзыкулова атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму,профкому Пайзиева Самаргүл Ахматалиевна.

“Мыкты профсоюздук бурч”, “Мыкты профсоюздук бөлмө”, “Мыкты эс алуу бөлмөсү” аттуу райондук конкурсунун активдүү катышуучулары

№71 Н.Алыкулов атындагы жалпы билим берүүчү ортомектебинин баштапкы профсоюз уюму, профкому Борбугулова Запари Абылкасымовна,

№22 А.П.Гайдар атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму,профкому Эрматова Бузайнап Шерматовна,

№58 О.Абдыкамалов атындагы жалпы билим беррүүчү орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму, профкому Абдыкамалова Айгүл Орозалиевна,

№83 З.Жамашев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин баштапкы профсоз уюму, профкому Тилекеева Назгүлү Анарбековна,

№78 З.Бакиров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму, профкому Сулайманова Фируза Мамытовна ,

№94 Б.Калымбетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму, профкому Эрмекбаева Бермет Ташкамиловна

Сынактын жеңүүчүлөрүнө жана активдүү катышуучуларына Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райкомунун төрагасы Орозалиев Абдимажит Джумабаевич тарабынан жеңүүчүлөргө дипломдор,акчалай сыйлыктар жана дарылануу үчүн “Ысык-Көл”,”Жалал-Абад” санаторияларына жолдомолор берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Сузак райондук профсоюз комитети