Кесиптик майрам белгиленди
2021-жылдын 2-октябрында Кара-Суу районундагы мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу азем болуп өттү.
Салтанатка райондогу мугалимдер жана ардагерлер чакырылды. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары А.Мамаева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Маширапова, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев, райондук кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Н.Исралиева мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттукташты. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Маширапова билим берүү тармагындагы жаралып жаткан ийгиликтерге жана алдыдагы милдеттерге токтолуп өттү.
Салтанаттын соңунда райондогу мыкты мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдары, мыкты мугалмдер райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары жана баалуу белектер менен сыйланды. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- акимдин орун басары А.Мамаева мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталарын мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жана алдыңыкы мугалимдерге тапшырды. Областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен кесиптик бирликтин Борборук комитетинин төрагасы А.Токтогуловдун атынан кутукттоо менен бирге райондук кесиптик бирлик комитетинин «Профсоюз кыймылынын мыктысы» төш белгисин, Ардак грамотасын, ошондой эле областтык кесиптик бирлик комитенин Ардак грамоталарын Н.Исраилова менен бирдикте тапшырышты. Кесиптик майрам ыр-күүлөр, шаңдуу маанай менен коштолду.
Маалыматты даярдаган: Ош областтык кесиптик бирлик комитети