Кесиптик майрам Ала-Бука районунда
2021-жылдын 5-октябрында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ала-Бука райондук комитетининтөрагасы Ж.Дурусалиев ардагер мугалимдер А.Нышанбаев, К.Масеков, Ш.Абдисаминов, С.Айталиева, Г.Макамова, А.Өскөнбаева, А.Орозалиеванын үйлөрүнө барып, кесиптик күнү менен куттуктап, майрамдык белектерин тапшырды.
Ошол эле күнү Жалал-Абад областынын Ала Бука районундагы борбордук маданият үйүнүн алдында шаңдуу ырлар жаңырып, жалпы район боюнча мугалимдердин майрамы белгиленди.
Мугалимди окуучулар тарабынан уюшулган ыр бийлер райондун мугалимдери үчүн арналды. Салтанатты райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ч.Турдукулова ачып, алгачкы сөздү ЖКнын депутаты Турсунбаев Азизбек Атакозуевичке берди, ал калоо-тилектерин билдирип, жылуу сөздөрүн айтты. Андан кийин райондук администрациясынын башчысынан орун басары Жунусалиева Асел Айтыкуловна калоо тилектерин айтып райондогу билим берүү боюнча болгон ийгиликтерге кеңири токтолду, айрыкча айыл мектептеринин ийгилигине ыраазы болду. Бекменбетов атындагы орто мектебинин окуучусу район боюнча алдыңкы балл алганын конңерттик программада да айыл мектептери жакшы ыр-бийлерди тартуулаганына токтолду. Райондун мекеме-уюмдары, айыл аймагынын башчылары да куру кол келбей, алдыңкы мугалимдерге белек-бечкектерин беришти. Салтанат ыр-бийлер менен коштолду. Райондук билим берүү бүлүмүнүн башчысы Ч.Турдукулова, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев да мугалимдерди кесиптик күнү менен куттукташып, алдыңкы педагогдорго Ардак грамоталарды жана материалдык жардамдарды тапшырышты.
Маалыматты даярдаган: Уюштуруу комитети