Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитетинин Пленуму

2024-жылдын 17-декабрында Кант шаарындагы А.Мурсабаева атындагы № 4 жалпы билим берүү  орто мектеп-гимназиясында  Ысык-Ата районунун билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин Пленуму  болуп өттү.

Жыйында  “Билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуусун жана дарылануусун уюштуруудагы   райондук,   кесиптик бирлик комитетинин жүргүзгөн иштери жана аны жакшыртуунун чаралары жөнүндө” маселеси каралды.  Жана Ысык-Ата райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Б.Тыныбекованын 2024-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча отчету угулду. Кыргыз Республикасынын кесиптик бирликтер  Мындан сырткары Федерациясынын дисконттук картасы боюнча маалымат берилди.

Жыйындын алкагында Билим берүү тармагынын  өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, кызматтык милдеттерин аткаруудагы ийгиликтери жана  билим берүү системасынын кызматкерлеринин социалдык-эмгек укуктарын жана кесиптик кызыкчылыктарын коргоого активдүү катышкандыгы үчүн Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан 2024-жылдын жыйынтыгы менен  кесиптик бирлик мүчөлөрү Ардак грамотасы  менен сыйланышты.

Жыйындын соңунда ар кандай маселелер каралып, суроо-жооптор талкууланды. Пленумдун катышуучулары райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин ишин канааттандырарлык деп белгилешип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин  Ысык-Ата райондук комитети