Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирликтин төрага, төрайымдары сыйланды

2022-жылдын 28-февралында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети тарабынан областтагы баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин жетекчилеринин ишмердүүлүгүн жана укуктук билимдерин арттыруу максатында өткөрүлгөн онлайн тесттин жыйынтыгы менен 4-мартта Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери областтык комитеттин ыраазычылык каттары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Кадамжай районундагы сыйлоо иш-чарасына Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси Гапарали у.Мансур, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гайбуллаев Жениш жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин төрагасы Заитов Абдилазиз катышышты.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарындагы сыйлоо иш-чарасына Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси Гапарали у.Мансур, Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын вице мэри Айтматов Мирланбек, Баткен райондук комитетинин төрагасы Заитов Абдилазиз жана Кызыл-Кыя шаардык комитетинин төрайымы Буванова Малика катышышты.

 

Маалыматты даярдагана: Баткен областтык КБКнын уюштуруу иштери боюнча адиси Гапарали у.Мансур