КЕСИПТИК БИРЛИКТИН РОЛУ: Рустам Нурматов ош областынын билим берүү кызматкерлери менен жолугушту
2025-жылдын 18-мартында КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Рустам Нурматов иш сапары менен Ош областына барды.
Иш сапардын алкагында төрага Ош областынын билим берүү кызматкерлери, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары жана университеттин жамааты менен менен жолугушуп, кесиптик бирликтин ролу, мугалимдердин укуктарын коргоо, алардын эмгек шарттарын жакшыртуу жана жайкы эс алууну уюштуруу боюнча маселелер талкууланды.
Мындан сырткары жалпы кесиптик бирлик комитеттеринин жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерине токтолуп, кесиптик бирликтин ишин мындан ары натыйжалуу улантуу жана абалды жакшыртуу негизги маселе экендигин белгиледи.