Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирликтин райондук комитетинин президиуму болуп өттү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кара-Буура райондук комитетинин президиуму болуп өттү. Ага бардык билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлигинин профкомдору катышты, үч орчундуу маселелер каралды. Биринчиси, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздуктун алдын-алуу иш чаралары тууралуу болду. КР.Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун борбордук комитети тарабынан берилген «Билим берүү уюмдарында эмгекти коргоо иштерин уюштуруу боюнча сунуштама» аттуу китепченин негизинде билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине 2021-жылдын 12-январында атайын чогулуш болуп талкуу жүргүзүлгөн. Буга чейин жалпы билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирликтин профкомдоруна китепчени жайылтуу максатында райондук билим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан М.Чалданбаев атындагы орто мектебинде семинар өткөрүлүп, ар бир мекемеге китепче көбөйтүлүп таратып берилген.

Ар бир билим берүү мекемелеринин профкомдору эмгекти коргоо боюнча жана техникалык коопсуздуктун алдын алуу боюнча аткарылган иштери тууралуу маалымат беришти. Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздуктун мыйзамдуулугуна ылайык зыяндуулукка кошумча акы толөөнүн түрлөрү пол жууган, ысык печкада турган, түнкү күзоттө иштеген андан тышкары тарбиячынын жардамчысына, эгерде көмүр жылытуучу мекеме болсо от жаккычка толонот. Техникалык коопсуздуктун алдын-алуу чаралары боюнча ар бир бөлмөдө жайгашкан электр точкаларынын кооптуу жана коопсуз экендиги текшерилиши керек. Кышкы мезгилде короонун ичи каардан тазаланып жана иштоо учурунда ишке жараксыз буюмдарды колдонбой иштеп жаткан адам абайлап дыкаттык менен мамиле жасоо шарттуу экендиги айтылды.

Экинчи маселе боюнча тарификация боюнча жалпы маалымат берилип, өзгөчө ар бир мекеменин профкому тарификациям кол коюп жатып зыяндуулуктун төлөнүшүнө, ар бир кызматк'ердин стажынын туура коюлушуна көңүл буруп, кимге кандай иш үчүн канча пайыз коюлуп жаткандыгын билип туруулары зарыл экендиги айтылды.

Жыл бою жасалган иштер да жыйынтыкталды. КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан жолдомолор арбын берилип, жакшы эс алуулар уюштурулгандыгы баса белгиленип, ыраазычылыктар айтылды. Ар бир маселе боюнча чечим чыгарылып, баштапкы кесиптик бирликтердин профкомдоруна үч тараптуу келишимдин негизинде эмгекти коргоо боюнча иш жүргүзүлүп, көзөмөлгө алыш керек экендиги баса белгиленди.

 

Маалыматты даярыдаган: Кара-Буура райондук КБКнын төрайымы Р.Абдыжапарова