Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирликтин окуу семинары

Алай районунда мектептердин кесиптик бирлик уюмдары үчүн кесиптик бирликтин окуу семинар болуп өттү.

Окуу семинарда №1 М.Адышев атындагы мектеп-гимназиясынын кесиптик бирлик уюмунун төрагасы Ж.Буваев «Кесиптик бирлик иш кагаздарын  уюштуруу жана иретке келтирүү», №4 Абдразак атындагы мектеп-интернатынын кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Т.Матанова «Туруктуу  комисиялардын иши», №2 Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясынын кесиптик бирлик уюмунун төрайымы М.Эргешова «Жамааттык келишимдер жана аны учур талабына ылайык түзүүнун жолдору» деген темалар боюнча баяндамаларды жасашты.

Окуу семинарга райондогу бардык мектептердин кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери катышып, иш тажырыйба алмашышты жана ой  пикирлерин бөлүшүштү. Ал эми №33 С.Жаанбаев атындагы орто мектебинин кесиптик бирлик уюмунун төрагасы С.Арзиев медиация (чыр-чатакты  жөнгө салуу) кызматы боюнча кеңири маалымат берди.

 

Маалыматты даярдаган: Алай райондук КБКнын төрагасы А.Абдыкадыров