Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирликтин баштапкы уюмунун башчысынын 5 жылдык отчёту жана кайра шайлоо, мүчөлөрдүн курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү

2021-жылдын 5-февралында №7 К.Кузембаев атындагы жалпы билим берүүчу орто мектебинин кесиптик бирлигинин баштапкы уюмунун башчысы Б.Усенова 5 жыл бою аткарган иштери боюнча отчёт берди.Кайра шайлоо чогулуштун күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

1.Кесиптик бирликтин 5 жыл бою аткаран иштери боюнча маалымат;

2.Кесиптик бирликтин төрага же төрайымын кайра шайлоо;

3.Кесиптик бирликтин комиссия мүчөлөрүнө өзгөрүү киргизүү.

№7 К.Кузембаев атындагы жалпы билим берүүчу орто мектебининде жалпы 44 мугалим 12 кенже кызматкер эмгектенип келет.Кесиптик бирликтин аткарган иштери жөнүндө кеңири маалымат презентация аркылуу экранда чагылдырылып так, даана,түшүнүктүү даярдалып сунушталды.Кесиптик бирликтин аткарган иштери “Канааттандырарлык ”деп жалпы жамааттын колдоосу менен табылды ал эми кайра шайлоонун жыйынтыгы менен Б.Усенова кайрадан өзү шайланды.

   

Материалды даярдаган: №7 К.Кузембаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кесиптик бирлигинин баштапкы уюмунун башчысы Б.Усенова