Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирликтин активин окутуу – кесиптик бирликтин ишинин сапатынын өбөлгөсү

2022-жылдын 23-март күнү Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу №12 Ж.Султанов атындагыорто мектебинде «Кесиптик бирликтин активин окутуу – кесиптик бирликтин ишинин сапатынын өбөлгөсү» темасында баштапкы кесиптик уюмдарынын төрагаларынын райондук семинары болуп өттү.

Ага Ноокен райБББнүн башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райКБКнын төрагасы К.Нышанов, Ноокен райБББнүн борборлоштурулган бухгалтериясынын экономисти Г.Бекбаева, эсепчи К.Абдисаматова, Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров катышты.

Семинарды Ноокен райКБКнын төрагасы К.Нышанов 2021-жылда аткарылган иштер жөнүндө айтып, 2022-жылга карата багыттарга жана алдыдагы милдеттерге токтолду.

Андан соң №12 Ж.Султанов атындагы орто мектебинин директору Г.Султанова, №28 “Алтын уя” балдар бакчасынын директору З.Мамутова 2021-жылда аткарылган иштери жөнүндө слайддар аркылуу маалымат беришти. №12 Ж.Султанов атындагы орто мектеби “Жыл мектеби-2021”,  ал эми “Алтын уя” балдар бакчасы “Жыл бакчасы-2021” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү болушкан.

Семинардын жүрүшүндө Ноокен райБББнүн борборлоштурулган бухгалтериясынын экономисти Г.Бекбаева билим берүү мекемелеринде жүргүзүлгөн тарификация, дем  берүүчү эмгек акылар боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берди.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар №12 Ж.Султанов атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун иш кагаздары, ишмердүүлүгү менен таанышышты, профкомдорго усулдук материалдар таркатылды.

 

Маалыматты даярдаган: №12 Ж.Султанов ат.о.м. профкому Э.Мусаева