Кесиптик бирликтин активи менен жолугушуу
КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов иш сапары менен Баткен областында жүрөт.
2021-жылдын 19-октябрында КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогулов, КРнын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси М.Орозбеков, Баткен областтык профсоюздар кеңешинин төрагасы А.Казаков, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитеттин төрагасы З.Ботоков, Баткен райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Зайитов чек арада жайгашкан Баткен районунун Б.Ходжаев, Ж.Момунов, Достук орто мектептеринин жана ушул айылдардагы балдар бакчаларынын педагогикалык жамааттары менен жолугушуп, профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттукташып, материалдык жардам берилди. Асылбек Токтогулов педагогикалык жамааттар менен жолугушууда азыркы учурда билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети аткарып жаткан иштери жөнүндө айтып, чек арада билим берүү мекемелеринде иштеп жаткан педагогикалык жамааттардын өзгөчө эмгектерин баса белгилеп, аларга таазим этишерин айтты. Мектеп мугалимдери алардын социалдык-эмгек укуктарын коргоодо үзүрлүү иш алып бара жаткан билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.
* * *
2021-жылдын 20-октябрында Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети тарабынан кесиптик бирликтин күнүнө карата "Профсоюздун күчү – биримдикте жана тилетештикте" жана "Профсоюз – биримдик, тилектештик, адилеттүүлүк" деген темада баштапкы профсоюз комитетинин төрагаларынын арасында фестиваль өткөрүлдү. Бул фестивалга үч район, үч шаардан командалар профсоюздун ишмердүүлүгү жана профсоюздук кыймылды жайылтуу боюнча өз иштерин көрсөтүштү. Аталган фестивалга КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов, КРнын президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси М.Орозбеков, областтык профсоюздар кеңешинин төрагасы А.Казаков, Баткен областынын профсоюз жана билим берүү кызматкерлери катышышты. Фестиваль майрамдык маанайда жогорку деңгээлде өттү. Майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгүндө Кесиптик майрамга карата Борбордук комитеттин "Билим, илим профсоюзунун мыктысы" төш белгиси жана Ардак грамоталары, областтык комитеттин дипломдору жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.
Маалыматты даярдаган: Баткен областтык КБКнын төрагасы З.Ботоков