Кесиптик бирлик уюму – ишембиликтин демилгечиси
Аксы районунун Кызыл капчыгай айылындагы “Жибек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун профсоюз уюмунун төрайымы Ашыралиева Гүлжамал тарабынан уюштулурган ишембилик өткөрүлдү. "Сен таза болсоң, коом таза болот" - дегендей бала бакчанын айланасын таштандылардан тазаланып, жаңы көчөттөр отургузулду. Жаз мезгилинде айлананы тазалоо, жаңы жашоо берилгендей, көзгө жагымдуу кооздукту берет. Мындай ишембилик Н.Мамбетов атындагы орто мектебинде да өткөрүлдү. Айлана тегеректи тазалоого 3 айлык акция жарыяланган. Мектептин айланасы тазаланып, бак тигилди. Мектептин профсоюз уюму ишембиликке активдүү катышкан окуучуларга ыраазычылык билдирди. Жер бетинде жаңылануу, жер жарылып чөп чыгып,айлана жаз жыттанып, тегерегибиз таза болуп жагымдуу маанай берип турат.
Маалыматты даярдаган: баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Н.Тотоева