Кесиптик бирлик – мугалимдин колдоочусу
Мугалимдин кесибин даназалоо, алардын жаш муундарга мамлекеттик стандартка ылайык жаныча ыкмалар менен тарбия берүүсүнө көңүл буруу жана алдынкы тажрыйбаларын жайылтуу максатында “2022-жыл – Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук” жылынын алкагында Баткен шаарындагы “Алтын-Бешик” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде “2022-жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынагынын шаардык туру өткөрүлдү.
Кароо-сынактын жобосуна ылайык тарбиячылар төмөнкү шартка ылайык күч сынашты: мыкты ачык сабак, тест, өзүн-өзү тааныштыруу, мастер-класс, өздөрүнүн кесипке болгон кызыгуу, сүйүүлөрүн көрсөтүшүп, педагогикалык ишмердүүлүгүндөгү фантазиялары менен катышуучуларды таң калтырышты. Учурда ата-энелери миграцияда жүргөн балдардын көздөрүнүн, жан дүйнөлөрүнүн кусалыктарын тарбиячы өз кучагына алып, экинчи эне болуп, өз мээрин чачып иштеп келгендиктери жөнүндө көйгөйдү чагылдыра алышты.
Сынакка Баткен шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү секторунун башкы адиси Пинназаров Эсен, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ахматбеков жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен шаардык комитетинин төрайымы М.Калыкова катышышты. Жыйынтыгында Акжолтой-Баткен балдар бакчасынын тарбиячысы Аширова Орозгул 1-орунду ээлеп, 1-даражадагы диплом жана баалуу белектер менен сыйланды. Ал эми 2-орунду Алтын-Бешик балдар бакчасынын тарбиячысы Гулбарчын Бекназарова, 3-орунду Данектай балдар бакчасынын тарбиячысы Канышай Тажибаева ээлешти. Сынактын катышуучуларына баалуу белектер билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен шаардык комитети тарабынан уюштурулду. Сыйлоого 7000 сом акча каражаты бөлүндү.
Өткөрүлгөн кароо-сынак Баткен шаарындагы мыкты тарбиячларды аныктоого жана алардын иш тажрыйбаларын шаардык денгээлде жайылтууга мүмкүндүк берди.
Маалыматты даярдаган: Баткен шаардык КБКнын төрайымы М.Калыкова