Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнүнө карата семинар болуп өттү

2024-жылдын 18-октябрында   кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнүнө карата Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитети тарабынан баштапкы кесиптик уюмдардын тарайым жана төрагалары үчүн №3 З.Бабур атындагы гимназия мектебинде чоң иш чара өткөрүлдү.

Иш чарага Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Т.Жалилов, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев, райондогу 69 мектеп жана 49 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин баштапкы  кесиптик  уюмдардын тарайым жана төрагалары катышышты.

19-октябрь кесиптик бирлик кызматкерлеринин майрамы менен Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев жана Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Т.Жалилов куттукташып, салтанаттуу аземдин алдында жаш муундарды тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүү кызматкерлеринин социалдык- экономикалык кызыкчылыктарын коргоого кошкон салымдары үчүн республикалык, областык, райондук Ардак Грамоталарын жана төш белгилерин тапшырышты.

Салтанаттуу иш чаранын алкагында баштапкы  кесиптик  уюмдардын төрага жана тарайымдарына эмгек китепчеси, жамааттык келишим, эмгекти коргоо боюнча семинар өтүлүп, майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.

 

 Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитети