Кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнү белгиленди
Билим жана илим кызматкерлеринин кеиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитети тарабынан "19-октябрь – Социалдык жана кесиптик бирликтер кызматкерлеринин күнү" салтанаттуу белгиленди.
Иш-чарагы кесиптик бирликтин ардагерлери, социалдык өнөктөштөр, алдынкы кесиптик бирлик уюмунун жетекчилери, билим берүү кызматкерлери катышышты.
Аземди Билим жана илим кызматкрлеринин кеиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов ачып, кесиптик майрамы менен катышуучуларды кызуу куттуктап, областтык комитет тарабынан аткарылып жаткан иштерге кыскача токтолду. Областтык билим берүү усулдук борборунун директору А.Токтосунов билим берүү тармагындагы кесиптик бирлик уюмдарын майрам менен куттуктап, жакшы тилектерин билдирди.
Алдыңкы социалдык өнөктөштөр жана кесиптик бирлик уюмдарынын кызматкерлери Билим жана илим кызматкелеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин “Кесиптик бирликтин мыктысы” төш белигиси, Ардак грамоталары, областтык комитеттин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Кесиптик бирликтин ардагерлерине белектер тапшырылды.
Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Эмилбек уулу, Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысы З.Мамасадыков, ардагерлер А.Мурзаканов, З.Турганбаевалар кесиптик бирлик уюмунун Борбордук жана областтык комитеттерине ыраазычылыктарын билдиришип, билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык, укуктук кызыкчылыктарын коргоо иштеринде ийгиликтер каалашты.
Маалымтты даярдаган: Областтык КБКнын инспектору А.Айдаров