Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирлик кызматкери - ардактуу атуул

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жалпы жыйынында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетинин эмгекти коргоо жана техникалык инспектору Айдаров Абдираим Чоңахуновичке “Ноокен районунун Ардактуу атуулу” деген ардак наам тапшырылды.

А.Айдаров 1974-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институнун математика факультетин ийгиликтүү бүтүрүп, Ноокен (мурдагы Ленин) районунун №34 “Октябрдын 50 жылдыгы” орто мектебинде катардагы мугалим болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.

Москва, Ногоева, Хамид Алимжан атындагы орто мектептерде мектеп директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орунбасары, 1984-1985-жылдары Октябрдын 50 жылыдыгы орто мектебинде директор, 1989-2015-жылдары кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин төрагасы болуп иштеген. Ал эми 2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин эмгекти коргоо боюнча башкы техникалык инспектору болуп иштеп келүүдө.

Ал 1990-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин мүчөсү, I-VI сьезддеринин делегаты болуп шайланган.

1984-1989-жылдарда Масы айылдык кеңешинин депутаты, 1995-200-жылдарда Эл депутаттарынын Ноокен райондук кеңешинин депутаты болуп, райондун социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүгүшүнө бараандуу салым кошкон.

А.Айдаровдун эмгеги өз убагында бааланып, билим берүү жана профсоюз тармагындагы жогорку сыйлыктар менен сыйланган.

Обкомдун эмгек жамааты Айдаров Абдираим Чоңахуновичти “Ноокен райондук Ардактуу атуулу” ардактуу наамы менен сыйланышы менен куттукташты.

Маалыматты даярдаган: Обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов