Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирлик күнү белгиленди

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аксы райондук комитети 19-октябрда Социалдык коргоо жана кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чара өткөрдү. Майрамдык кечени райондун профсоюз комитетинин төрагасы Сагын Камчыбеков жана уюштуруу тобу жогорку деңгээлде өткөрдү. Билим берүү тармагында көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан ардагер мугалимдер, аймактардагы профсоюз уюмунун жетекчилери катышышты. Профсоюз комитети алгылыктуу иштерди аткарышты, бул жылда көп жетишкендиктер болду. "Мыкты профсоюз комитети" конкурстары өткөрүлүп, жеңүүчүлөр жайкы эс алууга Ысык-Көлгө жолдомо алышты. Н.Мамбетов атындагы орто мектеби да мындай сыйдан артта калган жок. Мектепте көп жылдан бери жаш муундарга татыктуу тарбия, талыкпай билим берген ардагер мугалимдер А.Урустемова, Д.Эсенкулова профсоюз комитети тарабынан "Ардагер мугалим" төш белгиси менен сыйланышты. Аталган мектептин профсоюз комитетинин аткарган иштери мыкты экендиги үчүн Ардак грамота берилди. Эмгектенсен талыкпай эмгегиндин үзүрүн көрөсүң. Мындай сыйлыктар дагы да иштөөгө шыктандырат. Жаңы идеялар менен иштесек, профсоюздун иши алдыга жылат. Майрамдык кечеде жакшы каалоо тилектер, куттуктоолор айтылып, белектер берилди. Бул майрамды өткөргөн уюштуруу тобуна, профсоюздун райондук комитетинин жетекчиси С.Камчыбековго ыраазычылыктар айтылды.

 

Маалыматты даярдаган: Н.Мамбетов атындагы №6 орто мектебинин КБКнын төрайымы Н.Тотоева