Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирлик аялдар күнүн белгиледи

Аксы районунун Кербен шаарындагы Т.Уметалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 8-март майрамы адаттан тыш жакшы саамалык менен белгиленди.Таң эрте келген окуучу балдар кызыл килем төшөө менен колдоруна гүл алып, окуучу кыздарды жана эжеке-мугалимдерди куттуктап, тосуп алышты. Бул мугалим-эжелерге жакшы маанай тартуулады, экинчи жагынан мугалим менен окуучунун ортосундагы мамилени бекемдемекчи.

Сабактар соңунда атайын эжелерге, апаларга арналган ыр-бий коштогон концерт берилди. Кечкисин мектептин кесиптик бирлик уюму жана агай-мугалимдер менен биргеликте уюшулган кече өткөрүлүп, жакшы эс алуу тартууланды. Кеченин катышуучулары жакшы маанай тартуулаган мектептин кесиптик бирлик уюмуна ыраазычылык билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Т.Уметалиев ат. о.м. КБ уюмунун төрайымы Н.Сейдилова