Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирлик активи менен жолугушуу болуп өттү

2021-жылдын 22-23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов Чоң-Алай районунда эки күндүк иш сапары менен болду. А.Токтогулов иш сапардын алкагында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Т.Абыкеев менен жолугушуп, билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин социалдык-экономикалык абалы жөнүндө баарлашты. Райондун жетекчиси билим берүү тармагындагы жаралып жаткан ийгиликтер жана алдыдагы иштер жөнүндө ой бөлүштү.

А.Токтогулов иш сапардын экинчи күнүндө райондогу мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары менен жолугушту. БКнын төрагасы А.Токтогулов республикадагы билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин азыркы ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берди. Жолугушуу суроо-жооп аркылуу иштиктүү маанайда өттү. Жолугушунун соңунда А.Токтогулов алдыңкы профактивдерди “Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин отличниги” төш белгилери жана Ардак грамоталары менен сыйлады. Ошондой эле кесиптик бирлик активисттерине Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамоталары да тапшырылды.

КР Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси М.Орозбеков өз сөзүндө мугалимдердин социалдык маселелерин чечүүдө социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен чоң   ийгиликтерге жетүүгө мүмкүн экендигине токтолду.

А.Токтогуловду иш сапарында кесиптик бирликтин Алай, Араван райондук комитеттеринин төрагалары А.Абдыкадыров, Б.Турдубаев ж.б. коштоп жүрүштү.

 

Маалыматты даярдаган: Ош областтык кесиптик бирлик комитети