КӨЭАУнун Бириккен кесиптик бирлик комитетинин жыйыны өттү
19-февраль күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Бириккен кесиптик бирлик комитетинин мүчөлөрүнүн жыйыны болду.
Жыйынга университеттин Бириккен кесиптик бирлик комитетинин мүчөлөрүнөн сырткары окуу жайдын окуу иштери жана каржы боюнча проректору, доцент Алтынбек Зулпукаров, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, доцент Сыргак Сарыков катышты.
Күн тартибинде бириккен кесиптик бирлик комитет мүчөлүгүнөн чыгаруу жана шайлоо жөнүндө, Бириккен кесиптик бирлик комитетинин 2024-жыл аралыгында аткарылган иштери, кесиптик бирлик комитетинин текшерүү комиссиясынын 2024-жыл үчүн каржы маселелери жана башка ар түрдүү маселелер каралды.
КӨЭАУнун Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев 2024-жылда аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Төрага тарабынан берилген отчеттук маалымат кесиптик бирлик комитетинин мүчөлөрү тарабынан канааттандырарлык деп табылды.