КӨЭАУда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди
Кечээ, 19-март күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Нооруз майрамына карата кесиптик колледж тарабынан салтанаттуу маданий майрамдык иш чара уюштурулду. Ага окуу жайдын жетекчилиги, Россиядан, Бангладештен, Кореядан келген коноктор жана университеттин жалпы жамааты, студенттер катышты.
Нооруз шаңы эрте менен сүмөлөк жасоо менен башталып, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулду. Андан соң жаңырган жаздын шаңын улап, жаштарыбыз өнүп-өссүн деген тилекте университеттин короосуна көчөт эгишти. Салтанаттуу кече кесиптик колледждин таланттуу окутуучулары тарабынан даярдалган чоң программадагы концерттик программа менен коштолду.
Майрамдык иш чаранын жүрүшүндө КӨЭАУнун ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович, ректордун кеңешчиси, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич, бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Эгембердиев Шералы Манабович профессордук-окутуучулар жамаатын, конокторду Нооруз майрамы менен куттуктап, достуктун алтын ордосу катары таанылган университетибиздин өрүшү кеңейип, жаратмандык ийгиликтерибиз арбын болсун деген тилектерин билдиришти.
Кеченин соңунда жалпы жамаат ооз ачарга чогулуп, уюштуруучулар тарабынан сый тамактар тартылды.
(Маалымат КӨЭАУнун маалымат кызматынан алынды)