Күчтүү профсоюз – күчтүү коом белгиси
Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы №14 Губкин атындагы орто мектебинде кесиптик бирликтин баштапкы кесиптик уюмдарынын жетекчилеринин семинары болуп өттү. Анда Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин токтомунун аткарылышы жөнүндө маселе каралды. Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, укук жана эмгекти коргоо инспектору Т.Бакиров, мектептердин жана бала бакчалардын профкомдору катышты.
Кесиптик бирликтин райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов Борбордук Комитеттин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө маалымат берди. Андан сырткары жыл ичинде аткарылган иштерге токтолду.
“Мыкты жамааттык келишим. Үч тараптуу макулдашуу” кароо-сынагынын райондук этабынан жеңүүчүсү №14 Губкин атындагы орто мектебинин кесиптик бирлик уюмунун жана “Жаш профлидер-2021” кароо-сынагынын областтык этабынын жеңүүчүсү №42 “Нур-Айым” балдар бакчасынын кесиптик бирлик уюмунун иш тажрыйбасы менен таанышышты.
Маалыматты даярдаган: №14 Губкин атындагы орто мектебинин профкому Т.Кулназарова