«Карыяларды кадырлоо» иш-чарасы уланууда.
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкому тарабынан уюштурулган «Карыяларды кадырлоо» иш-чарасын райшааркомдор жер-жерлерде улантууда. Облустук комитет тарабынан карыяларга белектер менен бирге пандемия шартында илдетти алдын алуу чараларына көмөк берүү максатында 1900 дана антисептик жана 9500 дана беткаптар райшаркомдорго таратып берилди. Азыркы күндөрдө профсоюздук лидерлер тарабынан баштапкы профсоюздук уюмдардын мүчөлөрүнө жеткирип берүү иштери жүрүүдө. Иш-чараларды Чаткал, Ала-Бука райкомдору, Көк-Жаңгак шааркомдору улантууда.
Материалды даярдаган: Обкомдун инспектору А.Айдаров.