Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Карысы бардын ырысы бар”

2024-жылдын 1-октябрында Эл аралык карылар күнүнүн урматына Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Осмонов Бактыбек Арапбаевич,  райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Кыдырова Бактыгүл Кыдыровна жана билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тоң райондук комитетинин төрагасы менен биргеликте Бөкөнбаев айылындагы билим берүү тармагында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, учурда ардактуу эс алуудагы ардагер мугалимдерге жолугуп кайтышты.     

    Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын акими Осмонов Бактыбек Арапбаевич, кесип ээлерин бүгүнкү майрамы жана келе жаткан мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга арналган белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. 

      Иш-чаранын демилгечиси болгон, ошондой эле акимдик кызматка жаңы келген район жетекчисинин куттуктоосуна ардагер мугалимдер терең ыраазычылыктарын билдиришип, ишине ийгиликтерди каалашты.

       Өз кезегинде бул иш чара, кесиптик бирликтин райондук комитети,  райондук билим берүү бөлүмү жана райондук мамлекеттик администрациянын өз ара кызматташуусунун жакшы үлгүсү болду десек жаңылышпайбыз. 

       Учурдан пайдаланып, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тоң райондук комитетинин атынан Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Осмонов Бактыбек Арапбаевичти жаңы кызмат орду менен куттуктайбыз жана ишине ийгиликтерди каалайбыз. 

       Алдыда Тоң районунун билим берүү тармагын өстүрүүдө жана анда эмгектенген баардык кызматкерлердин кызыкчылыктарын коргоодо көптөгөн алгылыктуу иштерди жүргүзөт деген терең ишеничибизди билдиребиз.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Тоң райондук комитети