Карысы бардын ырысы бар!
Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүндөгү №16 Ж.Турусбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин баштапкы кесиптик уюму тарабынан ар бир даталуу күндөр жогорку денгээлде уюштурулуп өткөрүлүп келет.
1-октябрь – Эл аралык карыялар күнүнө карата иш чара болуп өттү. Атайын Тимурчулар командасы түзүлүп, айылдагы карыялардан кабар алышып, жардамдарын берип келишти.
Жашы бир топко барып, ушул күнгө чейин сүйгөн кесиби менен эмгектенип жүрүшкөн пенсия курагындагы аксакал мугалимдерибизди да көңүл сыртында калтырбай мектептин баштапкы кесиптик уюму тарабынан атайын белектер тапшырылды.
Алсак аксакал мугалимдерибиз: Амадалиев Калил, Максутова Зульфия, Токталиева Назикан, Амадалиева Разыкан, Амадалиева Райкан, Саиткулова Анаркан, Эшиева Замира эжеке жана агайларыбыз өмүрүн билим берүүгө арнашкан.
Ар бир адам улгаят, карыларга кам көрүү, жардамдашуу ар бирибиздин милдетибиз!
Төрдүн көркү,элдин көркү карылар,
Төрүбүздө урмат көрчү маалыңар.
Дем, күч болуп жалындаган жаштарга,
Ден соолукта жүрүңүздөр баарыңар.
Маалыматты даярдаган: №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин профкому А.Мурзакулова